Самара СабироваЖакшылык Жасап Жарышалычы

0
Слушать
Скачать

Текст песни

Өзгөнү өздөй аяп өмүр сүр жашоо санат
Башкага кас тилесең башыңдан багың таят
Атайлап азап салып жамандык кылсаң кимге
Айланып баары келет бул өмүр кайтар дүйнө

Жакшы амал жасап арыштайлычы
Жакшы адамдар көп табышалычы
Жакшылык тилесең эгер өзүңө миң эсе келер
Жакшылык жасап жарышалычы
Жакшылык тилесең эгер өзүңө миң эсе келер
Жакшылык жасап жарышалычы

Өзгөгө күйүт салба жамандан сыздайт жүрөк
Жакшы ишти арбын жаса бар кезде каруу, билек
Жасаган жамандыгың жашоонун мыйзамы ушул
Эртеби кечпи бир күн өзүнө кайтып келет

Жакшы амал жасап арыштайлычы
Жакшы адамдар көп табышалычы
Жакшылык тилесең эгер өзүңө миң эсе келер
Жакшылык жасап жарышалычы
Жакшылык тилесең эгер өзүңө миң эсе келер
Жакшылык жасап жарышалычы

Жакшы амал жасап арыштайлычы
Жакшы адамдар көп табышалычы
Жакшылык тилесең эгер өзүңө миң эсе келер
Жакшылык жасап жарышалычы
Жакшылык тилесең эгер өзүңө миң эсе келер
Жакшылык жасап жарышалычы
Жакшылык тилесең эгер өзүңө миң эсе келер
Жакшылык жасап жарышалычы

Комментарии (0)

2025 © Lifehock.net | Правообладателям
Почта для жалоб и предложений - mail@lifehock.net